Фразеологический словарь кыргызского языка (2015)
Укканын ичине сактап тура албаган, билген-көргөнүн айта берген бош ооз. Анан эмнегедир ушул ачык ооз, орой, жек көрүндү адамдар байкемди араларына кошуп алганына ичим күйөт (Жусупов). Ачык ооз жигит көрүнөт, бажылдап эле сүйлөй берет экен (Бердикеев). Акиш, сен ачык ооз элең, «бээ сойдук» деп эч кимге айтпа («Кыргызстан маданияты»).

Толковый словарь кыргызского языка. 2015
1. Аркы-беркини байкабаган аңкоо, элегей. 2. Ичине сөз турбаган, оозу бош, сөз жашыра албаган. Анан эмнегедир ушул ачык ооз, орой, жек көрүндү адамдар байкемди араларына кошуп алганына ичим күйөт (Жусупов). Ачык ооз жигит көрүнөт, бажылдап эле сүйлөй берет экен (Бердикеев). Акиш, сен ачык ооз элең, «бээ сойдук» деп эч кимге айтпа («Кыргызстан маданияты»). В.: Оозу ачык. Оозу ачыктардын бири мен, сиз мени абайлаңыз («Кыргызстан маданияты»). – Оозу ачыктын бири мен эмесмин, – деди Надя (Байтемиров). Оозу бош. Оозу бош немеге балдарды кантип «кой дешке» эрки жетет? Өзүңүз ойлоңузчу.

Фразеологический словарь кыргызского языка (2015)
Ичине эч нерсе сактап тура албагандык, уккан-билгенин айта бергендик. Ай ушунун ачык ооздугу түпкө жетмек болду го! - деп чал кейий баштады («Ала-Тоо»). Андай ачык ооздук Акбилек айымдан болбосо, башкаларыбыз кулпулаган таш эмеспизби, - деди Жутаке миң башы (Жантөшев).

Толковый словарь кыргызского языка. 2015
Ичине эч нерсе сактап тура албагандык, уккан-билгенин айта бергендик. Ай ушунун ачык ооздугу түпкө жетмек болду го! – деп чал кейий баштады («Ала-Тоо»). Андай ачык ооздук Акбилек айымдан болбосо, башкаларыбыз кулпулаган таш эмеспизби, – деди Жутаке миң башы (Жантөшев).